https://sputnik.kg/20211122/oktyabr-rajonduk-miliciya-uj-kamagy-chykty-1054686135.html
Октябрь райондук милициясынын жетекчисинин орун басары үй камагына чыкты
Октябрь райондук милициясынын жетекчисинин орун басары үй камагына чыкты
Sputnik Кыргызстан
Турапова пара талап кылуу жана кызматтык абалынан аша чаап пайдалануу фактылары боюнча айыпталып жатканы кабарланган. 22.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-22T12:58+0600
2021-11-22T12:58+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
бишкек
пара
милиция
https://sputnik.kg/img/104653/66/1046536689_0:207:3067:1932_1920x0_80_0_0_12753cda95e3b4b20a32906abcf866f4.jpg
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Буга чейин кармалган Октябрь РИИБдин жетекчисинин орун басары Бегайым Турапова үй камагына чыгарылды.Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 20-ноябрда чыгарды. Ал 18-январга чейин күчүндө болот.Аскер прокуратурасы Турапованы шылуундукка шектелип кармалган А.Т. аттуу жаранга карата козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшүргөн. Ушул эле иштин алкагында буга чейин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Уланбек Аалиев, башкармалыктын тергөө кызматынын башчысы Талгат Куватбеков жана тергөөчү Айсулуу Рамазан кызы кармалган.Башкы прокуратура бул иш боюнча кыйноо, пара талап кылуу жана кызматтык абалынан аша чаап пайдалануу фактылары катталганын билдирген. Көзөмөл органдын версиясы боюнча, Октябрь райондук милициясынын кызмат адамдары сотко чейинки өндүрүш учурунда алты баланын энеси А. Т. аттуу шектүүнү камайбыз деп коркутуп, пара талап кылышкан. Буга чейин жактоочулардын бири анын мыйзамсыз кармалышы боюнча тиешелүү адамдардын жазага тартылышын талап кылып митингге чыккан.
https://sputnik.kg/20211122/bishkek-oktyabr-rajonduk-prokuror-kamak-1054685171.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104653/66/1046536689_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_fb67a952b9d7d594f1cd07de674b73c6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, пара, милиция
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, пара, милиция
Октябрь райондук милициясынын жетекчисинин орун басары үй камагына чыкты
12:58 22.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Турапова пара талап кылуу жана кызматтык абалынан аша чаап пайдалануу фактылары боюнча айыпталып жатканы кабарланган.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Буга чейин кармалган Октябрь РИИБдин жетекчисинин орун басары Бегайым Турапова үй камагына чыгарылды.
Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 20-ноябрда чыгарды. Ал 18-январга чейин күчүндө болот.
22 Жетинин айы 2021, 12:01
Аскер прокуратурасы Турапованы шылуундукка шектелип кармалган А.Т. аттуу жаранга карата козголгон кылмыш ишинин алкагында
колго түшүргөн. Ушул эле иштин алкагында буга чейин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Уланбек Аалиев, башкармалыктын тергөө кызматынын башчысы Талгат Куватбеков жана тергөөчү Айсулуу Рамазан кызы кармалган.
Башкы прокуратура бул иш боюнча кыйноо, пара талап кылуу жана кызматтык абалынан аша чаап пайдалануу фактылары катталганын билдирген. Көзөмөл органдын версиясы боюнча, Октябрь райондук милициясынын кызмат адамдары сотко чейинки өндүрүш учурунда алты баланын энеси А. Т. аттуу шектүүнү камайбыз деп коркутуп, пара талап кылышкан. Буга чейин жактоочулардын бири анын мыйзамсыз кармалышы боюнча тиешелүү адамдардын жазага тартылышын талап кылып митингге чыккан.