Октябрь райондук милициясынын жетекчисинин орун басары кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенчен аял. Иллюстративдик сүрөт
Кишенчен аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Ушул эле иштин алкагында буга чейин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси, тергөө кызматынын башчысы жана тергөөчү колго түшүрүлгөн.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкекте Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Бегайым Турапова кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлады.
Аскер прокуратурасы орун басарды шылуундукка шектелип кармалган А.Т. аттуу жаранга карата козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшүрдү. Ушул эле иштин алкагында буга чейин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Уланбек Аалиев, башкармалыктын тергөө кызматынын башчысы Талгат Куватбеков жана тергөөчү Айсулуу Рамазан кызы кармалган.
Башкы прокуратура бул иш боюнча кыйноо, пара талап кылуу жана кызматтык абалынан аша чабуу фактылары катталганын билдирди.
"Октябрь райондук милициясынын кызмат адамдары сотко чейинки өндүрүш учурунда А. Т. аттуу шектүүнү камайбыз деп коркутуп, пара талап кылышкан. Буга чейин жактоочулардын бири анын мыйзамсыз кармалышы боюнча тиешелүү адамдардын жазага тартылышын талап кылып митингге чыккан", — деп айтылат көзөмөл органдын билдирүүсүндө.
Шектүү А. Т. алты баланын энеси экени кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0