"Ош" аба майданындагы авиакаттамдар жаңы графикке өттү. Себеби

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Фотобанкка өтүү"Ош" эл аралык аэропорту. Архив
Ош эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Аба майданы 31-октябрдан тартып учуп-конууларды жаңы график боюнча тейлей баштайт. Бул тартип 2022-жылдын 26-мартына чейин уланмакчы.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. "Ош" эл аралык аэропорту күзгү-кышкы графикке өттү. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты.
"Аба майданы 31-октябрдан тартып учуп-конууларды жаңы график боюнча тейлей баштайт. Бул тартип 2022-жылдын 26-мартына чейин уланмакчы", — деп айтылат билдирүүдө.
Жаңы график менен "Манас" эл аралык аэропортунун расмий сайтынан таанышууга болот.
Аэропорттон көтөрүлүп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
"Манас" аэропорту жаңы расписание менен иштей баштады. Рейстердин графиги
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандан Россия, Казакстан жана Түркияга түз учуп барып-келүүгө болот. Каттамдарды жергиликтүү жана чет элдик авиакомпаниялар аткарат.
Ал эми өлкө ичинде кыргызстандык TEZ JET, Avia Trafic Company жана "Эйр Манас" компаниялары каттайт. Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча аптасына TEZ JET 26 жолу, Avia Trafic Company 7 жолу, ал эми "Эйр Манас" 15 жолу учат.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
loader