Токтосунов Алтынбек Турусбекович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Азаттык"Токтосунов Алтынбек Турусбекович
Токтосунов Алтынбек Турусбекович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Алтынбек Токтосунов 1973-жылдын 11-февралында Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Жаңгак шаарында туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
  • 1994-жылы Ош мамлекеттик университетинин физика жана математика факультетин бүтүргөн;
  • 2001-жылы ИИМдин академиясын аяктаган.
Эмгек жолу:
  • 1995-1997 — Ош шаардык ИИБдин  өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору;
  • 1997-1998 — Ош шаардык  ИИБдин  кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери;
  • 2000-2006 — Ош шаардык ИИБдин тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчү;
  • 2006-2007 — Ош шаардык ИИБдин тергөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2007-2009 —  ИИМдин  башкы тергөө башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка байланышкан кылмыштарды тергөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү;
  • 2009-2011 — Бишкек ШИИБдин тергөө башкармалыгынын уюшкан кылмыштарга байланыштуу резонанстуу кылмыштарды тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;
  • 2011-2014 — Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын түштүк аймагы боюнча тергөөчү, ага тергөөчү, ыкчам кызматкери, ага ыкчам кызматкер;
  • 2014 — подполковник наамы менен пенсияга чыккан. Ошондон тарта Бишкек аймактык адвокатурасынын жактоочусу болуп эмгектенип келет.
Үй-бүлөлүү, беш кыз, бир уулдун атасы.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
loader