Барыктабасова Гүлбара Эраалиевна — өмүр баяны
01:56 11.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба партии "Азаттык"Барыктабасова Гүлбара Эраалиевна

© Фото / пресс-служба партии "Азаттык"
Жазылуу
Гүлбара Барыктабасова 1969-жылдын 26-мартында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. 1993-жылы Алматыдагы Жамбыл технологиялык жеңил жана тамак-аш өнөр жай институтун (Казакстан) инженер-технолог адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
- 1993-1998 — Каракол нан заводунда технолог катары иштеп, өндүрүш жаатында директорунун орун басарлыгына чейин жеткен;
- 1998-2001 — Бишкек шаарындагы "КАЭТ-ТЕХ" ЖЧКсында менеджер;
- 2001-2002 — Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жетектөөчү адиси;
- 2002-2003 — Кыргызстандын ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору;
- 2003-2003 — "АЗАМАТ ОЙЛ" корпорациясынын президентинин кеңешчиси;
- 2003-2008 — "Деловой совет ЕврАзЭС" ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары;
- 2008-2019 — "Байтур" ЖЧКсында бизнес-менеджер;
- 2019-жылдан бери "ДАТЭС" ЖЧКсында бизнес-менеджер.
Үч баланын энеси.