Фарммафия: УКМК мурдагы министрдин тууганын кармады

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Жазылуу
УКМКнын маалыматына караганда, министрдин тууганы кызматтагы кишилерди сатып алып, фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөгөн.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы саламаттык сактоо министринин туугандарынын бири С. Ж. К. аттуу жаранды кармады. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда Саламаттык сактоо министрлигиндеги кызмат адамдарынын, дары-дармек менен иш алып барган компаниялардын коррупция боюнча кошумча фактылары табылгандыгы айтылган.
"Мурдагы саламаттык сактоо министринин туугандарынын бири С. Ж. К. дары-дармек менен камсыздоо департаментинде дары-дармектерди каттоо жана кайра каттоону мыйзамсыз тездетүү максатында министрликтин кызмат адамдарына пара берүү жолу менен фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдогондугу жөнүндө далилдер алынды", — деп айтылган маалыматта.
Биринчи май райондук соту С. Ж. К. аттуу жарандын баш коргоо чарасын карап, УКМКнын тергөө абагына тергөө бүткүчө киргизди.
Буга чейин УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Кыргызстанда фармакологиялык мафия бар экендигин айткан. Анын билдиргенине караганда, мафиянын аракетинен улам өлкөдө дарылар 3-10 эсе кымбат турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
loader