Воронежде жүргүнчү ташыган автобус жарылды. Видео

© Фото / правительство Воронежа / Медиабанкка өтүүВоронеж шаарында жарылган жүргүнчү ташыган автобус
Воронеж шаарында жарылган жүргүнчү ташыган автобус - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Маршруттук автобус соода борборунун алдында 12-август күнү жарылган. Ошол учурда транспорттун ичинде 35 жүргүнчү болгон. Жарылуу учуру видео көзөмөлгө түшүп калган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Воронеж шаарында жүргүнчү ташыган автобус жарылып, бир киши каза таап, 19 жүргүнчү жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маршруттук автобус "Галерея Чижова" соода борборунун алдында 12-август күнү жарылган. Ошол учурда транспорттун ичинде 35 жүргүнчү болгон. Жарылуу учуру видео көзөмөлгө түшүп калган.

Бүгүн эртең менен жалпысынан 19 киши жабыркаганы белгилүү болду. Алардын ичинен бир аял көз жумду.

Тергөө комитети коопсуздук эрежелеринин бузулушу боюнча кылмыш ишин козгоду. Жерине криминалист жана тергөөчүлөр жөнөтүлүп, борбордук аппарат тергөө иштерин өз көзөмөлүнө алганы айтылды.

Жергиликтүү ЖМКлардын жазганына караганда, Тергөө комитети жарылуунун негизги себеби техникалык мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

Башкача айтканда, бензин менен жүрүүчү коомдук транспортко мыйзамсыз негизде газ жабдуулары коюлган деп айтылууда. Анын үстүнө буга чейин автобуска ээлик кылган компанияга дал ушул сыяктуу айып тагылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0