Неизвестные привезли еду и музыкальную технику на площадь Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан

Шайлоонун эртеси Кыргызстанда эмне болуп жатат. Сүрөт, видео, тексттик баяндама

Жазылуу
Кыргызстанда кечээ, 10-январда, эки ири саясий окуя болду. Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү.
БШКнын алдын ала берген маалыматы боюнча, 17 талапкердин ичинен Садыр Жапаров эң көп добуш топтоп, алдыга чыкты. Учурда саат 11.00гө карата берилген маалыматка ылайык, ал шайлоочулардын 79,18 пайызынын добушун алды.
Sputnik Кыргызстан шайлоонун эртеси Кыргызстанда эмне окуя болуп жаткандыгын тексттик баяндама менен берип турмакчы.
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
15:37 11.01.2021
14:37 11.01.2021

Россиянын лидери Владимир Путин президенттик шайлоодо эң көп добуш алган талапкер Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жазылган.

Путин Жапаров Кыргызстанды башкарып турган маалда орус-кыргыз алакасынын өнүгүшүнө кеңири шарт түзүлөрүнө ишеним арткан.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, президенттик кызматка шайланышыңыз менен чын дилден куттуктоомду кабыл алыңыз. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мааниге ээ. Россия менен Кыргызстандын ар кандай тармактагы кызматташтык жана ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ, ШКУнун алкагында конструктивдүү өз ара аракеттешүү боюнча тажрыйбасы мол. Сизге ийгилик, бекем ден соолук жана бакубатчылык каалайм", — деди Путин.


 

Президент РФ В. Путин провел встречу с премьер-министром РФ М. Мишустиным - Sputnik Кыргызстан
11:19 11.01.2021
Неизвестные привезли еду и музыкальную технику на площадь Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
11:15 11.01.2021
11:15 11.01.2021
Жаңылыктар түрмөгү
0