УЕФА футболдук беттештери COVID-19 курмандыктарына аза күтүү менен башталат

Жазылуу
Оюнга чыккан ар бир футболчунун кийиминде пандемияга каршы алдыңкы сапта күрөшүп жаткандарга карата айтылган “Рахмат” деген жазуу болот.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Европа футболдук клубдарынын пандемиядан улам токтотулуп, кайра жандана турган оюндары COVID-19 илдетинен каза болгондорго аза күтүү менен башталат. Бул тууралуу Европа футболдук уюмунун (УЕФА) расмий сайтында айтылат.

Ушул аптада Чемпиондор лигасынын жарым чейрек финалдык оюндары, Европа лигасы жана УЕФАнын жаштар лигасы, ошондой эле кыз-келиндердин Чемпиондор лигасы мелдештеринин беттештери өтөт.

FIFA Кыргызстандын футболун колдоого 1,5 миллион доллар бөлөт

Футбол талаасына чыккан ар бир оюнчунун кийиминде пандемияга каршы алдыңкы сапта күрөшүп жаткандарга карата айтылган “Рахмат” деген жазуу болот.

“Мелдештердин жанданганына кубанып турам. Бирок пандемияга каршы каршы күрөшкө болгон дитин арнап, жеке курмандыктарга барып бизге футбол ойноого мүмкүнчүлүк бергендерди унутпашыбыз керек”, - деген УЕФА президенти Александер Чеферин.

Кийимдеги жазылган алкыштан тышкары, оюндарды теледен көрсөтүп жаткан убакта футболисттердин катышуусундагы роликтерге жарнамалык убакыт берилет. Эркектер жана кыз-келиндердин Чемпиондор лигасы, ошондой эле, Европа лигасы футболунун оюнчулары жеке ыраазычылыктарын айтышат.

Атаандашка жөтөлсөң, оюндан чыгасың. Англиядагы футбол эрежеси

Мындан сырткары, командалардын капитандары УЕФАнын жана Европа футболунун, спортто жана коомдо басмырлоонун ар кандай түрүн четке кагуу бирдиктүү позициясын билдирген “Расизмге жол жок” деп жазылган таңгыч байланып чыгышат. 

Чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык беттештери 7–8-августта, чейрек финалдар — 12–15-августта, жарым финалдар — 18–19-августта өтөт. Ал эми финалдык оюн 23-августка пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
loader