БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 1 052 киши айыгып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.
Өткөн суткада коронавирустан сакайып чыккандардын көбү Бишкек шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында.
- Бишкек — 393;
- Ош шаары — 136;
- Чүй облусу — 87;
- Ош облусу — 84;
- Талас облусу — 63;
- Нарын облусу — 33;
- Ысык-Көл облусу — 75;
- Жалал-Абад облусу — 103;
- Баткен облусу —78.
Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин саны 25 526га жетти.