БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Сауд Аравиядагы нефть кендерине болгон чабуулга түшүндүрмө берип жатып, Курандан мисал келтирди.
РИА Новости агенттигинин жазышынча, Путин өз пикирин Сириядагы абал боюнча Анкарада өтүп жаткан саммитте айтты.
"Калкынын көбү мусулман болгон Түркияда туруп Курандан мисал келтире кетпесем болбос. "Кудайдын боорукерлигин эстегиле. Качандыр бир кезде душман болсоңор, Алла силердин жүрөгүңөрдү бириктирип, тууган кылды". Мына ушуну унутпаш керек", — деди Путин.
Эске салсак, 14-сентябрда Сауд Аравиянын нефть казган бир нече ишканасында өрт чыкканы кабарланган. Бул кол салууну Йемендин хуситтери жасаганын айтып, бир нече объектиге дрон менен чабуул жасаганын моюндаган.
Анын кесепетинен нефтини казып алуу эки эсе азайып, ал өз кезегинде кара майдын дүйнөлүк рыноктогу баасынын өсүшүн шарттаган.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.