БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кинематография департаменти улуттук көркөм фильм тартууга сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, тасма тартууга мамлекет колдоо көрсөтмөкчү.
"Сынакка кино чөйрөсүндө эмгектенген бардык адистер, режиссерлор катыша алат. Сценарий социалдык мааниге ээ болуп, коомдун маданий-нравалык баалуулуктарын даңазалап, кино тармагын өнүктүрүүгө салымын кошкудай болуш керек", — деп жазылат маалыматта.
Арыздар 31-майга чейин кабыл алынат. Ал эми жыйынтыгы 1-июлда чыгарын министрлик кошумчалады. Эгерде суроолор болсо, уюштуруучулар 0312 30 10 42 телефон номери менен маалымат алса болорун айтышты.