БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы "Сулайман Тоо" медресесинде түркиялык дарыгерлер 400дөй баланы акысыз сүннөткө отургузду. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
"Тажрыйбалуу дарыгерлер 26-27-апрель күндөрү Ош шаарындагы балдарды сүннөткө отургузуу заманбап технологиянын жардамы менен ишке ашып, эки күнгө созулду", — деп айтылат маалыматта.
Ушул эле күнү "Сулайман Тоо" медресесинде тарбияланып жаткан балдардын метериалдык муктаждыктарын камсыздоо максатында тамак-аш жана кийим-кече жарменкеси уюштурулду.
Буга чейин түркиялык дарыгерлердин тобу Баткен облусунда дагы балдарды отургузушкан.