Францияда 15 жылдан бери жашаган Каныкей Медетбекова Бишкекте өнөрүн тартуулайт

Жазылуу
Концерттен түшкөн каражат Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатына музыкалык аспап сатып алууга жумшалат.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. 24-февраль күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Франциядан келген музыканттар кайрымдулуук концертин берерин аталган мекеменин директору Кыргызбай Осмонов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка караганда, концерттен түшкөн каражаттын баары 450 бала билим алган Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатына фагот музыкалык аспабын сатып алууга жумшалат.

"Иш-чараны көп жылдан бери Францияда жашап жүргөн кыргыз кызы Каныкей Медетбекова менен анын жолдошу пианист Мануэль Швейзер демилгеледи", — деди Осмонов.

Каныкей Медетбекова — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган. 15 жылдан бери Францияда жашап, фортепианодо ойноо боюнча бир катар сыйлыктарга ээ болгон. Алардын арасында Италиянын Лукка шаарында өткөн "Lucida degli Specchi" эл аралык сынагынын лауреаты болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0