БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 14-16-октябрь күндөрү Кыргыз улуттук агрардык университеттин жанында табигый жана органикалык азык-түлүктүн көргөзмө-жарманкеси өтө турганын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Иш-чара бешинчи ирет тартууланат.
"Көргөзмөгө бал, эт-сүт азыктары, жер-жемиштер, улуттук суусундуктар коюлат. Мындан тышкары, келгендер кол өнөрчүлөрдүн эмгегине да күбө болушат", — деп айтылат билдирүүдө.
Жарманкеге Кыргызстандын бардык облустарынан табигый, органикалык продукция даярдаган ишканалар катышмакчы.