БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 22-июнь күнү Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 75 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Росскызматташуу билдирди.
Иш-чарага согуш ардагерлери жана активисттер катышып, анда курман болгондор эскерилет.
1941-жылдын 22-июнь күнү фашисттик Германия СССРге кол салган. Согуш 1418 күнгө созулуп, 1945-жылдын 9-май күнү СССРдин жеңиши менен аяктаган.