Топ-лигада "Дордой", "Алга" жана "Алай" клубдары кезектеги жеңиштерин майрамдашты

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүФутбол топу. Архив
Футбол топу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн Топ-лигасында жалпысынан жети команда күч сынашып, ар бир турда бир команда эс алат.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Футбол боюнча өлкө ичиндеги алдыңкы командалар 11-турдун алкагында кезектеги жеңиштерин майрамдашты. Бул тууралуу КРдин футбол федерациясы билдирди.

Өлкөнүн Топ-лигасында жалпысынан жети команда күч сынашып, ар бир турда бир команда тыныгуу алат.

Борбордук "Дордой" клубу конокто "Алдиер" командасын 3:1 эсебинде утуп алса, "Алга" командасы "Ала-Тоого" жоопсуз эки гол киргизди. Кийинки беттеште "Алай" "Кара-Балтаны" 4:1 эсебинде жеңип алды.

Учурда 26 упай менен "Алга" турнирдин сап башында келе жатса, үч упай аз топтогон "Дордой" экинчиде, ал эми "Алай" 20 упай менен үчүнчү орунга татыды.

Жаңылыктар түрмөгү
0