БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкекте "Мектеп китепканаларынын заманбап үлгүсү" аттуу конференциянын алкагында мектеп китепканаларынын келечеги талкууланат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Конференция бүгүн, 3-июнь күнү Бишкектин борбордук китепканасында өтөт.
"Иш-чаранын катышуучулары мектеп китепканаларынын учурдагы абалы жана аларды өнүктүрүү маселелери талкууланат. Муну менен бирге аталган жайлардын кадыр-баркын көтөрүү жолдору ортого салынмакчы", — деп айтылат билдирүүдө.
Конференцияны Борборлоштурулган китепкана системасы китепканачылардын бирикмеси менен бирге уюштуруп жатат.