ИИМ: милицияга тапанча кезеген спортчу Руслан Түмөнбаевге кылмыш иши козголду

Жазылуу
Милиция спорт чебери Түмөнбаев түн ичинде мас болуп инспекторлорго кармалып, унаасын айып короого токтоткондугу үчүн аларды тапанча менен коркутканын билдирди.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Пекин Олимпиадасынын коло байгесинин ээси, балбан Руслан Түмөнбаевге эки берене боюнча кылмыш иши козголгонун Бишкек шаардык ИИБден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 20-январдан 21-январга караган түнү Токомбаев көчөсү менен бара жаткан "Лексус 330" үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшере келгенде унаанын айдоочусу Түмөнбаевдин тийиштүү документтери жок болуп чыккан. Инспекторлор тарабынан административдик протокол түзүлүп, унаа айып короого жөнөтүлгөн. 

Жол кайгуул кызматынын инспектору айдоочу колун кантип сындырганын айтып берди
Бир аз убакыттан кийин Түмөнбаев блокпостко келип, милиция кызматкерлерин тапанча менен коркута баштаган. Кармалгандан кийин андан уруксатсыз көтөрүп жүргөн "Стример" үлгүсүндөгү тапанча алынган. 

Республикалык наркология борбору Түмөнбаевдин мас экендигин аныктаган.

Бул фактылар боюнча Октябрь РИИБ тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин "Газ куралын мыйзамсыз алып жүрүү, сатуу, сактоо" жана "Бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда спортчу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
loader