ЕАЭБдин стандарттарына туура келген ветлаборатория бир айдан кийин ачылат

Жазылуу
Кыргызстанда жакын арада ЕАЭБдин стандарттарына туура келген эки лаборатория иштеп баштайт. Аларды аккредитациялоо процесси дээрлик аяктап калды.

БИШКЕК, 19-фев — Sputnik. Аккредитациядан өткөн алгачкы лаборатория Кыргызстанда бир айдын ичинде ачылат. Бул тууралуу ЕАЭБдин ветеринардык жана фитосанитардык жаңы талаптары боюнча шаршемби күнү, 18-февралда уюштурулган кереге кеңеште экономика министринин орун басары Данил Ибраев билдирди.

Анын айтымында, биринчи аккредитацияны Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору алат.

"Учурда аны аккредитациялоо процесси аяктайт. Айыл-чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча борбордук лабораториясы да аккредитация алуу алдында турат. Башка лабораториялар да арыздарын беришкен", — деди ал.

Ибраев мындай деңгээлдеги эки лаборатория азырынча өлкөнүн түштүгүндө бирөө жана түндүгүндө бирөө гана болорун кошумчалады.

Ал ошондой эле, кошумча лабораторияларды түзүп, алардын сапат сертификатын алуусуна Кыргыз-Россиялык инвестициялык фонддун каражаттары жардам бериши мүмкүндүгүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
loader