Меланья Трамп биринчи айым катары өзүнүн алгачкы твитин жазды

© REUTERS / Lucy NicholsonИнаугурация президента США в Вашингтоне
Инаугурация президента  США в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Меланья өз билдирүүсүндө Дональд Трамптын ант берүү аземи учурунда библия китебин кармап берип турган сүрөтүн дагы чыгарган.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамптын аялы Меланья Трамп өзүнүн Твиттердеги баракчасына Американын биринчи айымы болуп кызмат кылуу ал үчүн сыймык экенин жазды.

​"Бул ажайып өлкө үчүн биринчи айым катары кызмат кылуу мен үчүн чоң сыймык", — деп жазды ал.

Бул билдирүү менен чогуу ал Дональд Трамп ант берип жаткан учурда ага библияны кармап берип турган сүрөтүн дагы жарыялаган. Твиттердеги бул билдирүү анын биринчи айым катары жазган алгачкы билдирүүсү болуп калды.

Белгилей кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамптын инаугурациясы 20-январда Вашингтон шаарында өттү. 

Ошентип Трамп АКШнын 45-президенти катары кызматка киришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0