ЖМК: Обама кызматтан кеткендин эртеси гольф ойноду

© AP Photo / Pablo Martinez MonsivaisПрезидент США Барак Обама
Президент США Барак Обама - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн учурунда экс-президентти коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кайтарып жүргөн.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Американын 44-президенти Барак Обаманын президенттик мөөнөтү 20-январда аягына чыкты. Ал кызматтан кеткенден кийин биринчи күнүн гольф ойноо менен өткөргөнүн РИА Новости агенттиги Daily Mail басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Обама эртең менен Калифорния штатындагы Porcupine Creek Golf Club спорт клубуна келген. Оюн учурунда аны коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кайтарып жүргөн.

Гольф талаасына миллиардер, Oracle корпорациясынын башчысы Ларри Эллисон ээлик кылат. Клубга мүчө болуу үчүн атайын чакыруу керек.

Аталган гольф аянтында Обама буга чейин эки жолу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0