Пакистандагы жардыруудан каза болгондордун саны 25ке жетти

© AFP 2023 / Ali JANВзрыв бомбы на овощном рынке в городе Парачинар, Пакистана
Взрыв бомбы на овощном рынке в городе Парачинар, Пакистана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Базардагы жардыруудан улам 90го чукул адам оор жаракат алган.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Пакистандагы жардыруудан улам каза болгондордун саны 25 адамга жетти. Бул тууралуу РИА Новости Los Angeles Times гезите шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Ага ылайык, жардыруу Парачинар шаарында болуп, андан жабыркагандардын саны 90го чукулдаган. 

"Ишемби күнү болгон базардагы жардыруудан 25 адам каза болуп, жаракат алгандардын саны 87ге жетти", — деп жазылат маалыматта.

Бомба базардагы контейнерлердин биринде жардырылган. Теракт боюнча жоопкерчиликти "Лашкар-е Жангви" жана "Техрик-е Талибан Пакистан" кыймылдары өз моюндарына алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0