CNN телеканалы Трамп инаугурациясында өлтүрүлсө окуя кандай болорун божомолдоду

© REUTERS / MARK KAUZLARICHИзбранный президент США Дональд Трамп
Избранный президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
CNN телеканалынын билдиришинче АКШнын конституциясы боюнча эгер президент менен вице-президент өлтүрүлсө же иштей албай турган болсо, аны палатанын спикерлери алмаштырат.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. CNN телеканалы Трамп инаугурация учурунда өлтүрүлсө окуя кайсы өңүттө өнүгөрү боюнча атайын репортаж даярдаганын РИА Новости билдирди.

Репортер Брайан Тодд жаңы шайланган гана президентти эмес, вице-президент менен конгресстеги жогорку кызмат адамдары дагы өлтүрүлсө окуя кандай боло турганын божомолдоп көргөн.

CNN телеканалынын билдиришинче, АКШнын конституциясы боюнча эгер президент менен вице-президент өлтүрүлсө же иштей албай турган болсо, аны палатанын спикерлери алмаштырат. Андан кийин сенаттын убактылуу өкүлү келет. Эгер аларга дагы бир нерсе болуп кетсе президенттин милдетин министрден тартып, мамлекеттик катчыга чейин аткарып калышат. 

Акция протеста против Д. Трампа в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Трампка каршы акцияга чыккандарга канча акча төлөнөөрү маалым болду
Жогоруда айтылган божомолдор 20-январда болуп кетсе иш дагы да чиеленишет. Түшкө чейин Барак Обаманын министрлери өз кызматтарын тапшырат. Анын ичинде мамлекеттик катчы Жон Керри дагы бар. Бирок Трамп тарабынан мамлекеттик катчылыкка көрсөтүлгөн Том Шекннон сенат тарабынан бекитиле элек.

Трамптын командасынан эч ким кызматына расмий түрдө бекитилбегендиктен кандайдыр бир кырсык болуп кетсе Обаманын командасындагылардын бирөө президенттин милдетин аткарып каларын CNN телеканалы маалымдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0