Ливиянын аймагында 110 мигрант бара жаткан кеме чөгүп кетти

© AFP / ARIS MESSINISДэңиз жээгиндеги качкындар. Архив
Дэңиз жээгиндеги качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда куткаруучулар сегиз кишинин денесин табышты. Кырсык тууралуу толук маалымат куткарылгандар жээкке жеткирилгенде белгилүү болот.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ливиянын аймагындагы 110 мигрант бара жаткан кеме чөгүп кетти. Бул тууралуу РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Качкын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Январдын башынан бери Европага 1159 мигрант келди
Маалыматка караганда, кырсык жер ортолук деңиздин жээгинде катталган. Чөккөн кемеден төрт адам куткарылып, сегиз жарандын денеси табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, кемеде жалпы 110 мигрант болгон. Учурда куткаруу иштери уланууда. Кырсык тууралуу толук маалымат куткарылгандар жээкке жеткирилгенде белгилүү болору айтылган. 

Италияга өткөн жылы жер ортолук деңизи аркылуу 180 миңден ашуун мигрант келген. Алардын көпчүлүгү африкалыктар.

Жаңылыктар түрмөгү
0