АКШ жараны китепканага чоң энеси 100 жыл мурун алган китепти кайтарып берди

© Sputnik / Иван Шагин / Медиабанкка өтүүКниги XVII века в музее прикладного искусства и быта
Книги XVII века в музее прикладного искусства и быта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китепкана кызматкерлери убагында берилбей калган китептерди кайтарып алуу максатында атайын акция жүргүзүп жаткандыгы үчүн бир кылымга кечиктирилген китеп үчүн айып пул алынган жок.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Америкалык жаран Сан-Франциско шаарындагы китепканага 100 жыл мурда алынган китепти кайрып бергендигин San Francisco Chronicle гезитине шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты. 

Фрэнсис Хопкинс Смиттин "40 мүнөт кийинчерээк" аңгемелер жыйнагын Уэбб Джонсондун чоң энеси китепканадан 1917-жылы алган. 

Индиянын Кыргызстандагы элчилиги өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө Махабхарата эпосунун кыргызча котормосун белекке берди - Sputnik Кыргызстан
Ош: китепканага "Махабхарата" эпосунун кыргызча котормосу белекке берилди
Джонсондун айтымында, китепти кайтарып берүү мөөнөтү бүтөрүнө бир жума калганда чоң апасы кайтыш болуп калган.

Уэбб китепти үйүнөн 1996-жылы таап алып, ушунча жылдан бери китеп үй-бүлөнүн менчигине өтүп кеткендир деген ой менен китепканага жеткирип берген эмес.

Китепкана кызматкерлерине китепти берип жатып, Уэбб 20 жылдан ашык китепти атайылап алып келбей жүргөндүгү үчүн өкүнөрүн билдирди.

Бирок китепкана кызматкерлери убагында берилбей калган китептерди кайтарып алуу максатында атайын акция жүргүзүп жаткандыктан бир кылымга кечиктирилген китеп үчүн айып пул алынган эмес. 

Эскерте кетсек, өткөн жылдын декабрь айында британиялык пенсионер аял өзү аяктаган мектептин китепканасына 63 жыл мурда алган китебин жеткирип берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0