Буштун кыздары Обаманын кыздарына кат жазышты

© AP Photo / Charles DharapakАКШнын 43-президенти Жорж Буштун кыздары Барбара жана Женнанын архивдик сүрөтү
АКШнын 43-президенти Жорж Буштун кыздары Барбара жана Женнанын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздар Ак үйдүн бир топ оор учурларын баштарынан өткөргөнүн жазып, ата-энелеринин дарегине айтылган жаман сөздөрдү угууга туура келгенин да билдиришкен.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. АКШнын 43-президенти Жорж Буштун кыздары Барбара жана Женна Барак Обаманын кыздары Малия жана Сашага кеп-кеңештер камтылган кат жөнөтүштү. Бул тууралуу РИА Новости Time агенттигине шилтеме берип билдирди. 

Буштун кыздары катында Обаманын кыздарына атайын кызматтын агенттери менен дайыма байланышып тургула деп кеңеш беришкен. 

"Биз бул кызматы менен ар дайым байланыштабыз. Алардын кызматкерлери биздин кандай чоңойгонубузду билишет. Силер да биз сыяктуу алардын көз алдында чоңойдуңар. Алар биздин өмүрүбүз үчүн өз өмүрлөрүн тобокелге салышты", — деп жазылат Буштун кыздарынын катында. 

Мындан сырткары, кыздар Ак үйдөгү кездеринде баштарынан өткөргөн оор учурларын жазып, ата-энелеринин дарегине айтылган жаман сөздөрдү угууга туура келгенин да билдиришкен.

20-январда АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын инаугурауциясы болот. Бул күнү Барак Обама үй-бүлөсү менен Ак үйдөн чыгып кетет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0