Түркия парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүшү мүмкүн

© REUTERS / Umit BektasТурецкий парламент в Анкаре
Турецкий парламент в Анкаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конституцияга киргизилген толуктоолорду депутаттардын 330у жактырса, Түркиянын парламенти аны референдумга алып чыгат.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Түркиянын парламенти президенттик башкарууга өтүү боюнча конституциялык реформанын негизги жобосун жактырганын РИА Новости https://ria.ru/world/20170113/1485626523.html Anadolu агенттигине таянуу менен билдирди.

Президент Турции Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган: АКШ коалициясы "Ислам мамлекетин" колдогону боюнча далилдер бар
Эске салсак, Түркия мамлекети түптөлгөн 1923-жылдан тарта өлкөдө парламенттик башкаруу системасы колдонулуп келген. Түркиянын учурдагы бийлигинин "Адилет жана өнүгүү" партиясынын парламенттеги депутаттары Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү колдошту.

Сунушталган өзгөртүүдө президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Ошондой эле президент буйрук чыгарып, министрлерди дайындап, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча маселени референдумга алып чыга алат. Андан сырткары, президент болгон адам партияга мүчө бойдон калат.

Конституцияга киргизилген толуктоолорду депутаттардын 330у жактырса, Түркиянын парламенти аны референдумга алып чыгат. 

Түрк парламентинде 550 депутат бар. Алар төрт жылга шайланат. Акыркы шайлоо 2015-жылы ноябрда өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0