АКШ: кооптуулук жаралса Түндүк Кореянын ракеталарын атып түшүрөбүз

© flickr.com / The U.S. ArmyАмериканский переносной зенитно-ракетный комплекс (ПЗРК) FIM-92 Stinger. Архивное фото
Американский переносной зенитно-ракетный комплекс (ПЗРК) FIM-92 Stinger. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ Түндүк Кореяны башкалардын тынчын улам-улам ала берген бул абалды ырбатып жиберүүдөн оолак болууга чакырды.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Ак үй эгер АКШга же анын союздаштарына кооптуулук жаралса, Түндүк Кореянын ракеталары атып түшүрлөрү туурасында Пентагондун айткандарын тастыктады. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

"АКШда өзүн жана союздаштарын Түндүк Корея тараптан жаралган кооптуулуктан коргоо, керек болсо ракеталарды атып түшүрүү боюнча мүмкүнчүлүк жетиштүү", — деп айтты журналисттерге Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест.

Ал Түндүк Кореяны башкалардын тынчын улам-улам ала берген бул абалды ырбатып жиберүүдөн оолак болууга чакырды. 

Ежегодных совместные военные учения Южной Кореи и США - Sputnik Кыргызстан
Ким Чен Ындын көзүн тазалоо үчүн АКШ менен Түштүк Корея аскер даярдайт
Буга чейин Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын жаңы жылдык кайрылуусунда өлкө континенттер аралык баллистикалык ракеталарды иштеп чыгууну аяктоо алдында турганын билдирген. 

2016-жылдын январында аталган өлкө өзөктүк куралды төртүнчү ирет сынап, ал эми февралда аралыгы 12 чакырымга чейинки бутаны тыптыйпыл кыла турган ракетаны учурган. Буга жооп катары БУУнун Коопсуздук Кеңеши жана бир канча өлкөлөр Пхеньянды өзөктүк куралдар менен ракеталарды жасоодон баш тартууга чакырган санкцияларды кабыл алган

Ал эми Түндүк Корея бүгүнкү күнгө чейин өзөктүк куралдар боюнча программаларды токтотуудан баш тартып келет. Мындан тышкары, сентябрь айында өзөктүк куралдын тарыхында буга чейин болуп көрбөгөн сыноолорду өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0