Европадагы жети мамлекет Мосулга 266 тонна гуманитардык жардам жеткирди

© AFP / DIMITAR DILKOFFМосулдан кетип бараткан жашоочулар
Мосулдан кетип бараткан жашоочулар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мосулдан качкандарга беш тоннадай дары-дармек жана медициналык жабдыктар жеткирилди.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Евробиримдикке кирген алты мамлекет жана Норвегия Иракка 266 тонна гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу РИА Новости Еврокомиссияга шилтеме жасап маалымдайт. 

Билдирүүгө ылайык, гуманитардык жардам качкындарга учак менен жеткирилген. Ал үчүн тогуз аба каттамы уюштурулуп, акыркылары Австрия менен Франциядан учкан. 

Бул аракеттер Евробиримдиктин жарандык коргонуу боюнча программасынын алкагында уюштурулууда. 

"Качкындарга төшөк, чатыр, генератор сыяктуу керектүү буюмдар жеткирилди. Андан сырткары жеке гигиена үчүн каражаттар менен беш тонна дары-дармек жана медициналык жабдыктар алынып келинди ", — деди гуманитардык жардам жана кризистик башкаруу боюнча еврокомиссар Христос Стилианидис.

Ал ошондой эле жакынкы аралыкта Евробиримдик Иракка дагы колдоо иретинде жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0