Москвада сыналгы басып калган бир жаштагы кыз чарчап калды

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүВыездная экстренная консультативная бригада скорой медицинской помощи
Выездная экстренная консультативная бригада скорой медицинской помощи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага медициналык жардам көрсөтүлгөнү менен өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Москвада сыналгы басып калган бир жаштагы кыз чарчап калды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кечээ күнү кечинде үй жыйнап жаткан учурунда үстүнө телевизор кулап кеткен кызга медициналык жардам көрсөтүлгөнү менен өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

"Учурда абал иликтенип жатат. Баары аныкталган соң укуктук баа берилет", — деп жазылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, былтыркы жылы Бишкекте 11 айга толгон кызды сыналгы басып калып көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0