ЖМК: Хиллари Клинтон эми Нью-Йорк мэрлигине талапкерлигин коюшу мүмкүн

© REUTERS / BRIAN SNYDERАКШнын президенттигине талапкерлигин койгон Хиллари Клинтондун архивдик сүрөтү
АКШнын президенттигине талапкерлигин койгон Хиллари Клинтондун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын соңунда Нью-Йорк шаарынын мэри Билла де Блазионун кызматтык мөөнөтү аяктайт.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Буга чейин АКШнын президенттигине талапкерлигин койгон Хиллари Клинтон эми Нью-Йорк шаарынын мэрлигине аттанышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости New York Daily News басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Дональд Трамп избран президентом США - Sputnik Кыргызстан
Дональд Трамп президент болду. АКШдагы кыргыз мигранттар эмне болот?
Маалыматка караганда, New York Daily News басылмасынын чоң кызматтагы маектеши Клинтон АКШдагы эң ири шаарлардын бири болгон Нью-Йоркко мэр болуу үчүн шайлоого катышарын четке какпагандыгын билдирген. Калаанын учурдагы мэри Билла де Блазионун кызматтык мөөнөтү жыл акырында аяктары маалыматта белгиленген. 

Хиллари Клинтон өткөн жылдын 8-ноябрында АКШнын президенттигине ат салышып, шайлоонун жыйынтыгында республикачыл Дональд Трампка жеңилип калган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0