Аризонада жылаңач аял полициянын унаасын айдай качты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШнын полиция унаасы. Архив
АКШнын полиция унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унааны айдап качып кеткен аялды кармоого бир саатан ашык убакыт кеткен.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жыңалач аял Аризона штатында полициянын унаасын айдай качып, аны кармоо үчүн бир саатан ашык убакыт кеткен. Бул тууралуу РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме жасап билдирди. 

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Трамптын инаугурациясы учурунда кара куурай салынган бекер тамеки таркатылат
Тартип сакчыларынын маалыматына ылайык, шерифтин орун басары чакыруу боюнча май куюучу жайга барган. Ал жакта кийими жок, маанайы түшкөн аял зордуктоого кабылганын билдирген. 

Полиция кызматкери ага жардамдашуу үчүн машинадан түшкөндө, аял унааны айдай качкан. Аны кармоо үчүн бир саатка чукул убара тарткан полиция кызматкерлери унаанын дөңгөлөгүн жарып токтоткон. Айдап качкан аял маңдайында келаткан унаа менен сүзүшкөндө гана колго түшүп берген. 

Кубалашуу маалында качкан аял унаанын ылдамдыгын саатына 160 чакырымга чейин жеткиргендиги айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0