Украинанын Львов галереясында 10 млн. долларлык китептер жоголду

© Sputnik / Игорь Кожевников / Медиабанкка өтүүПраздник Успения Пресвятой Богородицы в Ставропольском крае
Праздник Успения Пресвятой Богородицы в Ставропольском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча галереядан 95 китеп жоголгон.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Украинадагы Львов галереясында 10 миллион долларлык китептер жоголду. Бул тууралуу РИА Новости "Zaxid.net" гезитине шилтеме кылуу менен жазып чыкты.

Галереянын директору Тарас Возняктын айтымында, учурда бул факты боюнча полицияга арыз жазылды. 

"Азыр жоголгон китептерди такташтырып жатабыз. Китептер 10 жылдап акырындан жоголо берген окшойт. Чет тилдеги китептерди карай элекпиз, алар импорт үчүн абдан кызык", — деди Возняк. 

Ал алдын ала маалыматтар боюнча 95 китеп жоголгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0