Трамптын инаугурациясы учурунда кара куурай салынган бекер тамеки таркатылат

© AFP / JEFF KOWALSKY АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү
АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара куурайды легалдаштыруу акциясынын катышуучулары президенттин төрт мүнөттүк сөзү аяктагандан кийин курамында баңги заты бар миңдеген чылымдарды чегүүнү пландап жатышат.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын инаугурациясы күнү кара куурайды легалдаштыруу кыймылынын активисттери атайын акция өткөрөрүн РИА Новости WUSA9 телеканалына шилтеме берип жазып чыкты. 

20-январь күнү Дюпон-Серкл аянтында каалоочуларга кара куурай кошулган 4,2 миң тамеки таратылары күтүлүүдө. Андан соң акциянын катышуучулары Улуттук аллеяга марш басып, Трамп сүйлөп жаткан маалда кара куурайды федералдык деңгээлде легалдаштыруу талабы менен акция өткөрүшөт. 

"Кара куурайды федералдык деңгээлде мыйзамдаштыруу биздин негизги максат", — деп АКШнын борборунда баңги затты легалдаштырууга жетишкен DCMJ кыймылынын негиздөөчүсү Адам Эйдингер билдирди.

АКШ президенти болуп шайланган Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Дональд Трамптын сый тамагына кайсы депутаттар барары белгилүү болду
Трамптын 4 мүнөт 20 секундга созулган сөзү аяктагандан кийин кара куурайды легалдаштыруу маселесин көтөргөндөрдүн тарапташтары, курамында баңги заты бар чылымды чегүүсү күтүлүүдө.

Маалыматка караганда, Вашингтон шаары жайгашкан Колумбия аймагында элге 56,6 граммдан көп эмес өлчөмдө кара куурай сактоого уруксат берилген. Ошондой эле аны өстүрүүгө жана таратууга болот. Бирок сатууга тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0