Стамбулдун тургундары террорчуга окшоштуруп түркмөн жаранын сабап салышты

© Sputnik / Табылды КадырбековИзбитый в Стамбуле гражданин Туркменистана, который похож на террориста расстрелявшего посетителей ночного клуба
Избитый в Стамбуле гражданин Туркменистана, который похож на террориста расстрелявшего посетителей ночного клуба - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жыл түнү 39 адамдын өмүрүн алган террордук актыны жасаган кишиге окшош түркмөн жаранын Стамбулдун тургундары ур-токмокко алган.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарындагы Пендик аймагынан 31-декабрда Reina түнкү клубундагы террордук аракеттерди жасаган кишиге окшоштуруп түркмөн жараны эл тарабынан сабалганын аталган өлкөнүн Dogan маалымат агенттиги билдирди.

Кыргызстандын ИИМ кызматкерлери атайы операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда терактылар күтүлбөйбү? Эксперттер: кооптуулук колтук тушунда…
Эске салсак, Стамбулдагы Reina түнкү клубуна жаңы жыл түнү куралдуу кол салуу болгон. Террорист клубду кайтарган полиция кызматкерин атып салган. Андан кийин 700 адам эс алып жаткан клубга кирип барып элди карай ок чыгарган. Анын кесепетинен 39 адам каза таап, 69 жаран ар кандай жаракат алган.  Кол салган жаран азыркыга чейин изделип жатат. Бул карагашалуу окуянын жоопкерчилигин “Ислам мамлекети” террордук тобу өзүнө алган

"Окуя Кемалпаша көчөсүндө 4-январда саат 13.00дөр чамасында болгон. Түркмөн жараны анын артынан аңдыгандарды байкап, качууга аракет кылганда көчөдө кетип бараткан кишилер тарабынан кармалып, ур-токмокко алынган", — деп айтылат маалыматта. 

Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери К.М. аттуу түркмөн жаранын полицияга алып келип, анын террорчулук аракеттерге эч кандай тиешеси жок экенин аныкташкан. Виза мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу аталган жаран Түркиянын аймагынан чыгарыла турган болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0