ИМ террордук уюмунун кыргызстандык мүчөсү 8 жылга кесилди

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркинен ажыратылган кыргызстандык Акбаров 2015-жылы Ирактын Мосул шаарына барып "Ислам мамлекети" террордук уюмуна өз каалоосу менен кирип, атайын даярдыктан өткөн.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөсү болгон кыргызстандык Равшан Акбаров Түндүк-Кавказ аскердик соту тарабынан сегиз жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. 

Взрывы в Бельгии - Sputnik Кыргызстан
Бельгияда теракт жасоону пландаган өспүрүмдөр кармалды
Маалыматка ылайык, Акбаров менен бирге Астрахань облусунун тургуну Руслан Магомадов 16 жылга эркинен ажыратылды. Алар террордук топтун ишмердүүлүгүн жайылтып, аталган уюмдун иштерине катыштыгы бар деген айып менен камалган.

Эркинен ажыратылган кыргызстандык Акбаров соттун тастыктоосуна ылайык 2015-жылы Ирактын Мосул шаарына барып "Ислам мамлекети" террордук уюмуна өз каалоосу менен кирип, атайын даярдыктан өткөн. Ал жакта окуусун бүткөндөн кийин өзүнө жеке ок атуучу курал алып "Ислам мамлекети" террордук уюмунун "Жамаат Катиба Гураба" деп аталган түзүмдүк биримдигине кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0