Charlie Hebdo Россиянын кырсыктап кулаган учагына карикатура жасады

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDЖурнал Charlie Hebdo
Журнал Charlie Hebdo - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карикатурада кулап бараткан учактын сүрөтүнүн фонунда Александров ансамблинин ырчысы "а-а-а-а-а-а-а" деп ырдап жатканы тартылган.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Франциянын сатиралык Charlie Hebdo журналы Россиянын кырсыктап кулаган учагына карикатура жасады. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

​Карикатурада кулап бараткан учактын сүрөтүнүн фонунда Александров ансамблинин ырчысы "а-а-а-а-а-а-а" деп ырдап жатканы тартылган. Анын алдында "Кызыл армиянын хорунун репертуары улам кеңейип бара жатат" деп жазылып турат. 

Ту-154 учагы кыйраган жердеги издөө иштери - Sputnik Кыргызстан
Ту-154 учагынын биринчи кара ящигин алып чыгышты
25-декабрь күнү эртең менен Кара деңиз аймагынан чыгып, Сирияга сапар алган Коргоо министрлигинин Ту-154 учагы кырсыктап, кулап түшкөн. Анын ичинде Александров ансамблинин 64 артистин кошкондо 92 адам бар экендиги маалымдалган. 

Charlie Hebdo ар кыл кырсыктар боюнча ар кандай чагымчыл сүрөттөрдү жарыялап келет. Журналдын дүйнөлүк коомчулуктун жакасын карматкан учурларынын бири — 2015-жылдагы терактыга жасалган карикатуралары болгон. Бул окуядан кийин редакция ислам динин жактаган бир катар адамдардын чабуулуна алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0