Канададан Англияга учуп келаткан учакта 10 жашар кыздын жүрөгү токтоп калды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСамолет Airbus A330
Самолет Airbus A330 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканага тез аранын ичинде жеткирилгенине карабастан, дарыгерлер тестиер кызды сактап калууга үлгүрбөй кылышкан.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Air Canada компаниясынын Торонто — Лондон каттамы менен келе жаткан учак 10 жашар жүргүнчү кыздын жүрөк оорусунан улам Ирландияга конууга аргасыз болгонун RTE телеканалына шилтеме кылып РИА Новости жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, конгон жерде кызды дарыгерлер күтүп турушкан. Ооруканага тез аранын ичинде жеткирилгенине карабастан, адистер тестиер кызды сактап калууга үлгүрбөй кылышкан. Жүргүнчү кыздын жүрөгү токтоп калганы айтылууда.

Air Canada авиакомпаниясы тестиердин өлүмүн тастыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0