Сахарага 37 жылдан бери биринчи жолу кар жаады

© SputnikАлжирдин Айн-Сефра шаарынын түндүк тарабындаг кар. Karim Bouchetata Facebook баракчасынан тартылган сүрөт
Алжирдин Айн-Сефра шаарынын түндүк тарабындаг кар. Karim Bouchetata Facebook баракчасынан тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сахара чөлүнө биринчи жолу кар 1979-жылы 18-февралда жааган.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Африканын Сахара чөлүнө акыркы 37 жылдан бери биринчи жолу кар жааганын РИА Новости Independent басылмасына шилтеме берүү менен билдирди. 

"Чөлгө жааган карды көрүп баары таң калышты. Бул өтө сейрек кездешчү кубулуш", — деп карды сүрөткө тартып алган фотограф Карим Бушетата айтты.

Анын айтымында, сүрөттү Алжирдин Айн-Сефра шаарынын түндүк тарабынан тарткан. Кар бир күндөй жатып эле эрип кеткен.

Кар кумдун үстүнө кыламык болуп туруп калган. Айн-Сефра шаары "Чөлгө ачылган дарбаза" катары белгилүү. Себеби, бул жакта жайында 37 градуска чейин мээ кайнаткан ысык болот. Кышында нөл градуска чейин төмөндөп кетет.

Ал эми The Telegraph басылмасынын жазышынча Сахара чөлүнө биринчи жолу кар 1979-жылы 18-февралда жааган.

Жаңылыктар түрмөгү
0