Германияда зордукчулдун алы жетпеген аялдардын шымы пайда болду

© AFP / GREG BAKER Секс-магазин в Китае
Секс-магазин в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зелиц мындай шым кийген кыздарга асылган зордукчулдардын тилеги эми таш кабат деген канааттануусун жашыра алган жок.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Германияны Оберхаузен шаарындагы фирмалардын бири зордукчулдан коргой турган аялдардын спорттук шымын ойлоп таап, сунуштады. Бул туурасында Sputnik Германия агенттиги жазды. 

Случаи насилия над женщинами в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Ошто милиция зордуктады делген студент кыз окуянын чоо-жайын айтып берди
Идеянын автору немец ишкер айым Сандра Зелицтин айтымында, "коопсуздук шымы" үч кабатталып корголгон. Биринчиси — кубаттуулугу 130 децибелге жеткен атайын үн, экинчиси — жумшак протектор, ошондой эле айрып жана кескенге чыдамдуу болгон жиптер. 

Зелицке мындай ой ага паркта үч киши кол салып, шымын чечкенге аракет кылган окуядан кийин келиптир. Ишкер аял жаңы саамалыкты көп кыз-келиндерди тагдырына балта чабуудан сактап калат деген максат менен ойлоп тапкан. 

Автордун айтымында, "куткаруучу шымдын" алгачкы бир нечеси сатылып кетти. 

"Сатып алабыз дегендер көп болууда. Кезектеги шымдарды жасап жатабыз, аны алты аптада бүтүп калабыз", — деди Зелиц Sputnik Германияга берген маегинде.

Зелиц мындай шым кийген кыздарга асылган зордукчулдардын тилеги эми таш кабат деген канааттануусун жашыра алган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0