Окумуштуулар: жаңы спайстар адамды "зомбиге" айлантат

© AFP / LEON NEALСпайс наркотикалык заты. Архив
Спайс наркотикалык заты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШдагы Сан-Франциско университетинин профессорлору ооруканаларга кайрылып, спайстан жабыркаган жүздөгөн адамдардын канын изилдеп чыгышкан.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Pfizer компаниясы тарабынан чыгарылган жаңы спайстар адамды "зомбиге" айлантаарын окумуштуулар аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости New England Journal of Medicine журналына шилтеме кылып кабарлады. 

Маалыматка ылайык, аталган компания үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде жаңы спайстарды чыгара баштаган. АКШдагы Сан-Франциско университетинин профессорлору ооруканаларга кайрылып, спайстан жабыркаган жүздөгөн адамдардын канын изилдеп чыгышкан.

"Спайстар адамдын мээсиндеги нерв системасын иштен чыгарып, реакцияларды токтотот. Анын арты менен адамдын мээси токтоп калат. Негизи спайсты колдонуу бөйрөктү иштен чыгарат", — деди АКШдагы Сан-Франциско университетинин окумуштуусу Рой Жерона.

Белгилей кетсек, аталган баңгизаттын түрү чыгаары менен 33 адамдын ууланганы ЖМКларда жарыяланган.

Спайс деп аталган наркотикалык зат 2015-жылдын 14-декабрынан тарта Кыргызстанда тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0