Окумуштуулар: интернет студенттердин билим алуусуна тоскоолдук жаратат

© AP Photo / L.G. PattersonНоутбукта иштеп жаткан адам. Архив
Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Профессорлордун айтымында, лекцияны кол менен жазуу эстеп калууга чоң жардам болот.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Студенттердин интернетке туташкан ноутбуктары билим алууга тоскоолдук жаратат. Бул тууралуу РИА Новости Psychological Science журналына шилтеме кылып жазып чыкты. 

АКШдагы Мичиган университетинин окумуштуусу Сьюзан Равиццанын айтымында, профессорлор жүздөн ашуун студенттерди эксперименттен өткөрүшкөн.

"Студенттерди эки топко бөлүп, биринчи тайпадагылар интернети бар ноутбук колдонушса, экинчи тайпадагыларга интернетке кирүүгө тыюу салынган. Эки топко тең психология боюнча 15 лекция окулуп, андан соң тест тапшырышкан. Жыйынтыгында интернети бар студенттердин балы төмөн болгон", — деп жазылат маалыматта.

Окумуштуулар лекцияны кол менен жазуу эстеп калууга чоң жардам болоорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0