Google 2016-жылы туристтер арасында эң популярдуу 10 жерди атады

© Sputnik / Александр Ковалев / Медиабанкка өтүүМальдивы пляжындагы эс алуучу. Архив
Мальдивы пляжындагы эс алуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Google компаниясынын статистикасы боюнча туристтер арасындагы эң популярдуу жайлар Испанияда жайгашкан.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Google компаниясы жыл жыйынтыгын чыгарып жатып, өз колдонуучуларынын арасында популярдуу жана эң көп изделген 10 туристтик багытты атаганын The Telegraph басылмасы жазып чыкты. 

Маалыматка караганда интернет колдонуучулардын арасында эң популярдуу эс алуу жайы – Мальдив аралдары.

Белогор шаркыратмасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк Global Grasshopper журналы Кыргызстанга саякаттоонун 10 себебин жазды
Экинчи орунду Испаниянын түштүгүндөгү Малага шаары ээледи. Кызыгы — бул шаарга туристтик сезон күчөп турган маалда Европа мамлекеттеринен эле 9 миллиондой турист барат. 

Лидерлер үчилтигин ошол эле Испаниянын аймагына кирген Канар архипелагынын Тенерифе аралы толуктайт. Бул жерге көпчүлүк азем үлпөт тойлорду жана салтанаттарды өткөрүүгө барышат. 

Төртүнчү орун Шотландиянын борбору Эдинбургга буюрду. 

Бешинчи орунда дүйнөлөдү эң атактуу мегаполис Нью-Йорк турат.

Башкы ондукка Канада, Мексика, Африканын Кабо-Верде республикасы, Канар архипелагына кирген Флорида, жана Испаниядагы Фуэртевентур аралы кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0