Гамбия президенти шайлоодон утулгандан кийин анын жыйынтыгын жокко чыгарып салды

© AP Photo / Jerome DelayПрезидент Гамбии Яйя Джамме
Президент Гамбии Яйя Джамме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурдагы өлкө башчы мамлекетти 1994-жылдан бери жетектеп келет. Акыркы жолу 2013-жылы кайра шайланган.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Континенталдык Африкадагы эң кичинекей мамлекет — Гамбиянын лидери президенттик шайлоодон утулуп калгандан кийин анын жыйынтыгын жокко чыгарып салды. Бул тууралуу Американын Washington Times жазып чыкты.

Өзбекстандын президенттигине шайланган Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мирзиёев Баш мыйзам жана Куран кармап ант берип, президенттикке киришти
Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Гамбияда президенттик шайлоо өтүп, 1994-жылдан бери мамлекетти жетектеп келген Яйя Жамма оппозициячыл атаандашы Адам Бэрроудан утулуп калган. Жеңилгенине моюн сунуп берген Жамма бир жумадан кийин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра добуш берилишин талап кылган.

Маалыматка ылайык, шейшемби күнү коопсуздук күчтөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратын басып алган. Кечээ БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун бул көрүнүштү сынга алып, имаратты бошотууну талап кылган. Мындан тышкары, бийликти тынч өткөрүп берүүгө тоскоолдук жарата турган бардык аракеттерден баш тартууга чакырган.

51 жаштагы Яйя Жамма аскердик төңкөрүштөн кийин өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келет. Акыркы жолу 2013-жылы кайра шайланып, президенттик такка отурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0