Forbes: Путин дүйнөдөгү эң тассирдүү адам деп таанылды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПресс-конференция Владимира Путина
Пресс-конференция Владимира Путина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр рейтингде үчүнчү орунга илинген АКШнын азыркы президенти Барак Обама 48-сапка түшүп калган.

БИШКЕК, 15-дек.— Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин америкалык Forbes журналы аныктаган рейтингде төртүнчү жолу дүйнөдөгү эң таасирдүү адам деп таанылды. БУл тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

"Россиянын президенти төрт жыл катары менен дүйнөдөгү эң тассирдүү адам деп таанылууда. Бул анын таасири төгөрөктүн төрт бурчуна жайылып жатканынан кабар берет", — деп жазылат журналда. 

Певица Тейлор Свифт - Sputnik Кыргызстан
Forbes дүйнөдөгү көп акча тапкан ырчыларды аныктады
Рейтингде экинчи орунда АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп, ал эми үчүнчү катардан Германиянын канцлери Ангела Меркель орун алган. 

Мындан сырткары, рейтингге Microsoft түптөөчүсү Билл Гейтс, (7-орун), Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, (9-орун), Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг, (10-орун), БУУнун жаңы шайланган башкы катчысы Антониу Гутерреш да кирген. 

2015-жылкы рейтингде үчүнчү орунга илинген АКШнын азыркы президенти Барак Обама 48-сапка түшүп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0