Булак: ЕБ жазында Украина жана Грузияга визасыз режим киргизет

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүПодготовка к саммиту ЕС в Брюсселе
Подготовка к саммиту ЕС в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киев жана Тблиси Евробиримдик аларга визасыз режимди быйылкы жылы киргизет деп божомолдошкон.

БИШКЕК, 15-дек.— Sputnik. 2017-жылдын жаз айынан баштап Евробиримдик Грузия жана Украина жарандары үчүн визасыз режим киргизет. Бул тууралуу РИА Новости Еврокомиссиянын булактарына таянып билдирди. 

Киев жана Тблиси Евробиримдик аларга визасыз режим быйыл киргизилет деп божомолдошкон.

Еврокомиссиянын башчысы Жан-Клод Юнкер аталган процессти баштоого чакырды.

"Алар биз талап кылган нерселерди аткарышты, эми биз да сөзүбүзгө турушубуз керек",— деди Юнкер.

ЕБ менен Украина ортосундагы виза режими тууралуу сүйлөшүү 2008-жылы башталып, 2010-жылы биримдик Украинага визасыз режим алуунун планын сунуштаган.

Украина парламенти ЕБ талап кылган бардык мыйзам долбоорлорун кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0