Согушкерлер Алепподон үй-бүлөсү менен чыгып кетип жатат

© REUTERS / SANA / HandoutАлеппо. Архив
Алеппо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар алдын ала макулдашуу боюнча берилген коридорлор аркылуу өздөрү барабыз деген аймактарга, Идлиб багытына кетип жатат.

БИШКЕК, 14–дек. — Sputnik. Россиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин согушкерлер Алепподон үй-бүлөсү жана жарадарлар менен чыгып кетип жаткандыгын айтты.

"Бардык согушкерлер учурда Алеппо шаарынан үй-бүлөсү жана жарадарлары менен сүйлөшүлгөн коридорлор аркылуу өздөрү барабыз деген аймактарга, Идлиб багытына чыгып кетүүдө", — деди ал БУУнун Коопсуздук кеңешмесинде. 

Сириялык армия буга чейин согушкерлердин кол алдында турган Алеппонун чыгыш райондоруна кирген. Касташкан эки тараптуу кепке келтирүү боюнча Россиялык борбор кечээ Сирия бийлиги Алеппо шаарынын 98 пайызына көзөмөл кылып турганын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0