Австриянын Юстиция министрлиги Алиев өзүн өлтүрдү деген оюнан кайтпайт

© SputnikФото с аккаунта Рахата Алиева в facebook. Бывший казахстанский чиновник и дипломат Рахат Алиев
Фото с аккаунта Рахата Алиева в facebook. Бывший казахстанский чиновник и дипломат Рахат Алиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү Австриядагы Алиевдердин үй-бүлөсүнүн адвокаты немис эксперти Бернд Бринкмандын изилдөөсүнүн жыйынтыгын көрсөтүшкөн. Анда маркум Алиев киши колдуу болгону айтылат.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Австрия Казакстандын мурунку элчиси жана Нурсултан Назарбаевдин мурунку күйөө баласы Рахат Алиевдин өзүн өзү өлтүрдү деген оюнан кайтпайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Юстиция министрлигине таянуу менен РИА Новости билдирди. 

Дүйшөмбү күнү Австриядагы Алиевдердин үй-бүлөсүнүн адвокаты немис эксперти Бернд Бринкмандын изилдөөсүнүн жыйынтыгын көрсөтүшкөн. Анда маркум Алиев тумчуктурулуп өлтүрүлгөнү айтылат.

"Иштин иликтенишинде азыркыга чейин олуттуу өзгөрүү жок. Себеби Венанын Башкы прокуратурасы далилдерди изилдөөдө түрдүү жыйынтыктарды алган. Алар бири-бирине дал келбейт", — деген пикирин Австриянын Юстиция министрлигинин кылмыш иштери бөлүмүнүн башчысы Кристиан Пильначек OE1 радиосунун түз эфиринде билдирген.

Ал ошондой эле адистер видеобайкоодон алынган маалыматтарда кандайдыр бир бурмалоолорду байкашкан эмес. Андан сырткары, тергөөчүлөр тамак-ашка жана дары-дармекке жооптуу болгон бардык кишилерди суракка алган. Анын жыйынтыгында Алиев "өз өмүрүнө кол салышы мүмкүн" деген жыйынтык чыкканын Пильначек эскертип өттү.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев Казакстанда автократиялык режим өкүм сүрөт дегенге кошулбайт
Ал ортодо Швейцариянын Санкт-Галлен шаарында өзүнчө экспертиза өткөрүлөт. Анын жыйынтыгы изилдөөдө "жасалмалуулук болуп калды" деген шектенүүнү жокко чыгарарын Пильначек кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын февраль айында Алиевдин сөөгү Австриянын борборундагы түрмөдөн табылган. Биринчи жана негизги версия катары өзүн өзү өлтүрүү каралган. Бирок жергиликтүү ЖМКлар маркум өмүрүнө кол салууга ыктагандардын катарында эмес экенин жазып чыгышкан. Кырсыкка чейин Алиевдин коркутууларга дуушар болгону айтылып, мындан улам ал бир кишилик камерага которулган. Австрия бийлиги бир нече ирет Алиевдин өлүмүнө башка нерсе себепкер экенин далилдеген нерселер табылбаганын айтып келген. 

2008-жылы Алиев Казакстанда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылган жана адам уурдоо менен алектенүүчү топ түзгөн деген айып менен сыртынан узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. Вена соту 2011-жылы Алиевди Казакстанга экстрадициялоодон баш тарткан. 

Алиев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын жубайы болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0