ТИМ: Түркиядагы жардыруудан кыргыз жарандары жабыркаган жок

© REUTERS / Murad Sezer Взрыв в одном из центральных районов Стамбула
Взрыв в одном из центральных районов Стамбула - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтар боюнча терактыдан 30 адам каза болуп, 166 киши жаракат алган.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарындагы терактыдан кыргыз жарандары жабыркаган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигини билдирди.

Белгилей кетсек, ишемби күнү кечинде "Водафон Арена" стадионунун жанында жардыруу болгон. Көп өтпөй полиция дагы бир теракт болгондугун кабарлаган.

"Жардыруудан 30 адам каза болуп, 166 киши жаракат алды. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок", — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Түркия бийлиги терактыдан улам бүгүн бир күндүк аза күтүү жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0